Кыргыз Республикасында социалдык чыңалуу боюнча жергиликтүү деңгээлдеги мониторинг
18 апреля 2023

Кыргыз жараны» жарандык бирдейликти өнүктүрүү Концепциясынын алкагында пилоттук жамааттарда социалдык биримдикти бекемдөө үчүн ФЕЦА жергиликтүү деңгээлде мониторингди илгерилетүүдө.

Бүгүн  мониторинг жана тынчтык куруу жаатындагы потенциалды жогорулатууга жана улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде тынчтыкты куруу жана социалдык биримдик жөнүндө маалыматтарды мониторингдөө жана башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгууга багытталган эки күндүк тренинг ийгиликтүү аяктады. Ага КР көп улуттуу райондорунда жана шаарларында этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамалардын (мындан ары — ОП) жергиликтүү эксперттеринин жана КР Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары — Министрлик) өкүлдөрү катышышты.

Жергиликтүү деңгээлдеги эксперттер маалыматтарды чогултуу жана социалдык чыңалуунун көрсөткүчтөрүн талдоо аркылуу мониторингге өз салымын кошушат. Ошону менен бирге алар борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандык коомдун жана жамааттардын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, маалыматтардын негизинде активдүү чараларды жана жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруу боюнча иш-аракеттер планынын жардамы менен тобокелдиктерди азайтуу боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алууга көмөктөшүшөт.

«Жергиликтүү деңгээлде социалдык чыңалуунун көрсөткүчтөрүн мониторингдөө жана өлчөө — бул маалыматтарга негизделген проактивдүү чечимдерге жана туруктуу жамааттарга инвестиция салуу. Тынчтык орнолгон коомдордо, ошондой эле чыр-чатакка дуушар болгон жамааттарда тынчтыкты куруу потенциалы жергиликтүү тараптарда камтылган. Ошондой эле, эмне иштейт жана эмне үчүн иштей тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек, ошол эле учурда эмне үчүн иштебей жаткандыгын да билишибиз зарыл. Бул учурда практиканы чынчылдык менен талдоо жана жамааттарда алдын алуу потенциалын өнүктүрүүгө реалдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жөнөкөй ыкма» — деп белгиледи ФЕЦА директору Анара Надирбекова.

Пилоттук жамааттардагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө БУУнун тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып, жана БУУӨП, ЮНИСЕФ жана АУЖКБ тарабынан ишке ашырылуучу БУУнун «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жарандык бирдейлик» биргелешкен долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

2020-жылы Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга карата жарандык бирдейликти өнүктүрүү Концепциясы бекитилген. Концепциянын негизги максаты бардык этностук коомчулуктардын этномаданий бирдейлигин сактоо менен Кыргыз жаранынын жалпы жарандык бирдейлигин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Похожие записи