Фонд Евразия Центральной Азии (ФЕЦА) при поддержке
«Кумтор Голд Компани»
объявляет конкурс среди молодежи южного побережья Иссык-Кульской области в рамках проекта «Молодежное предпринимательство»
Проект «Молодежное предпринимательство» нацелен на экономическое развитие Иссык-Кульской области и повышение ответственности молодежи региона
Основная задача: создать условия для построения успешной предпринимательской деятельности, а также создать дополнительные возможности для трудоустройства молодых людей.
Целью конкурса является построение потенциала и создание условий для развития молодежного предпринимательства.
Целевая группа: молодежь в возрасте 20-28 лет, проживающая на южном побережье Иссык-Кульской области (от г. Балыкчи до с. Тюп)
• УСЛОВИЯ КОНКУРСА:
В конкурсе могут принять участие молодые люди или группа молодых людей, проживающих в Иссык-Кульской области и желающих начать свой бизнес, а также молодые предприниматели, желающие расширить уже действующий бизнес. От одного физического лица/ группы/ предпринимателя принимается только одна заявка. Наиболее успешные бизнес идеи будут поддержаны и профинансированы «Кумтор Голд Компани». Финансирование будет предоставлено в виде гранта.
• РАЗМЕРЫ ВЫДЕЛЯЕМЫХ ГРАНТОВ:
Максимальная сумма одного выделяемого гранта составляет $10 000 (десять тысяч) долларов США. Обязательным является наличие собственного вклада (в любом виде) заявителя в размере не менее 15% либо наличие софинансирования от третьей стороны.
Выделяемые средства должны быть направлены на реализацию бизнес идей, способствующих развитию молодежного предпринимательства. При этом покрытие административных расходов (зарплата, расходы на аренду, коммуникации) не поддерживается.
• КРИТЕРИИ ОТБОРА ПОБЕДИТЕЛЕЙ:
— молодые люди/ группы/ предприниматели должны работать и располагаться на территории южного побережья Иссык-кульской области: от г. Балыкчи до с. Тюп ;
— опыт работы в частном предпринимательстве приветсвуется;
— создание новых рабочих мест (не менее 5);
— партнерство с другими организациями, инвесторами, бизнес-структурами и МСУ приветсвуется
— квалификация исполнителей проекта;
— возможность продолжения проектной деятельности самостоятельно после реализации гранта.
• ПРОЕКТЫ, КОТОРЫЕ НЕ ПОДЛЕЖАТ ФИНАНСИРОВАНИЮ:
— бизнес идеи, нарушающие законодательство КР (алкоголь, наркотические средства, азартные игры и др.)
— покупка, строительство и ремонт зданий и помещений;
— научно-исследовательские программы;
— участие в долгосрочных программах обучения и тренингах за рубежом;
— материальная и гуманитарная помощь частным лицам и группам лиц;
— осуществление деятельности религиозного и политического характера;
— покупка транспортных средств;
— покрытие административных затрат и расходов на заработную плату.
• ПРОЦЕДУРА РАССМОТРЕНИЯ ЗАЯВОК:
Первый этап – первичный отбор заявок.
Второй этап – авторы первично отобранных заявок будут приглашены на Startup Weekend в г. Балыкчи (26-28 июня) и Караколе (3-5 июля), где будут отобраны 60 наилучших идей.
Третий этап – отобранные 60 авторов пройдут тренинги по развитию предпринимательства, в ходе которых будут разработаны детальные бизнес планы.
Четвертый этап – отбор менторами бизнес планов, которые будут поддержаны и профинансированы.
• ПОДАЧА ЗАЯВОК:
Крайний срок подачи заявок – до 17.00 часов 17 июня 2015 г.
Контакты для справок:
Тел: +992 (312) 56 11 63 (доп.124)
Факс +992 (312) 57 70 73
dinarai@ef-ca.org
Заполнить заявку в онлайн режиме Вы можете на сайте по ссылке https://goo.gl/wGmWaT
Примечание:
— Заявки не рецензируются и не возвращаются
— В случае необходимости могут быть затребованы дополнительные документы.
——————————————————————————————————————————————-
Борбордук Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) «Кумтөр Голд Компанинин» колдоосунда «Жаштар ишкердиги» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун түштүк жагында жашаган жаштар арасында конкурс жарыялайт
«Жаштар ишкердиги» долбоору Ысык-Көл облусун экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана региондогу жаштардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат.
Негизги милдет: ишкердикти ийгиликтүү жолго коюу үчүн шарттарды түзүү жана жаштардын ишке орноштурууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу.
Конкурстун максаты – даремет-мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана жаштар ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарт түзүү.
Максаттык топ: Ысык-Көл облусунун түштүк жагында (Балыкчы ш. Түп айылына чейинки) жашаган 20-28 жаш курактагы жаштар.
КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ:
Конкурска Ысык-Көл облусунда жашап, өзүнүн бизнесин баштагысы келген жаштар, ошондой эле аракеттеги бизнесин кеңейтүүнү каалаган жаш ишкерлер катыша алат. Бир жеке тараптан/ топтон/ ишкерден бир гана өтүнмө кабыл алынат. Эң алгылыктуу бизнес идеялар колдоого алынып, «Кумтөр Голд Компани» тарабынан каржыланат. Каржылоо грант түрүндө берилет.
• БӨЛҮНҮҮЧҮ ГРАНТТАРДЫН ӨЛЧӨМҮ:
Бир ирет бөлүнүүчү гранттын эң чоң суммасы АКШнын $10 000 (он миң) долларын түзөт. Өтүнмө ээсинин 15%дан кем эмес салымы (кандай түрдө болсо да) же үчүнчү тараптын кошо каржылоосу сөзсүз талап кылынат.
Бөлүнүүчү каражаттар жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө түрткү болуучу бизнес идеяларды жүзөгө ашырууга жумшалышы керек. Мында административдик (айлык акы, ижарага, байланышка кеткен) чыгымдарды жабууга колдоо көрсөтүлбөйт.
• ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ:
-жаштар/ топтор/ ишкерлердин иштеген жана турган жери Ысык-Көл облусунун түштүк жагында: Балыкчы ш. Түп айылына чейинки аймакта болушу шарт;
— жеке ишкер катары иш тажрыйбасы болгону жакшы;
— жаңы жумуш орундарын түзүү (5тен кем эмес);
— бөлөк уюмдар, инвесторлор, бизнес-түзүмдөр жана ЖӨБ менен өнөктөш болгону жакшы;
— долбоорду аткаруучулардын кесипкөйлүгү;
— грантты ишке ашыргандан кийин долбоор ишмердигин өз алдынча улантып кетүү мүмкүнчүлүгү.
• КАРЖЫЛАНБАЙ ТУРГАН ДОЛБООРЛОР:
— КР мыйзамдарын бузуучу бизнес идеялар (алкоголь, маң заттар, кумар оюндары);
— имараттар менен жайларды сатып алуу, куруу жана оңдоо;
— илимий изилдөө программалары;
— чет өлкөлөрдөгү окуп-үйрөтүүчү узак мөөнөттүү программаларга, тренингдерге катышуу;
— жеке адамдарга жана топторго материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүү;
— диний жана саясий мүнөздөгү ишмердик жүргүзүү;
— транспорт каражаттарын сатып алуу;
— административдик чыгымдарды жана эмгек акыга төлөнүүчү сарптоолордун ордун толтуруу.
• ӨТҮНМӨЛӨРДҮ КАРОО ЖОЛ-ЖОБОСУ:
Биринчи этабында өтүнмөлөр баштапкы тандоодон иргелет.
Экинчи этабында баштапкы тандалган өтүнмөлөрдүн авторлору Балыкчы (26-28-июнь) жана Каракол (3-5-июль) шаарларына Startup Weekendга чакырылып, эң мыкты 60идея тандап алынат.
Үчүнчү этабында тандап алынган 60 автор ишкердикти өнүктүрүү боюнча тренингден өтүп, анын жүрүшүндө бизнес пландар толук иштелип чыгат.
Төртүнчү этабында колдоо таап, каржылана турган бизнес пландарды насаатчылар тандап алышат.
• ӨТҮНМӨЛӨРДҮ БЕРҮҮ:
Өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2015-ж. 16-июнь, саат 17.00 чейин.
Маалымат үчүн байланыштар:
Тел: +992 (312) 56 11 63 (кош.124)
Факс +992 (312) 57 70 73
dinarai@ef-ca.org
Сиздер өтүнмөнү сайтта онлайн режиминде https://goo.gl/wGmWaT шилтеме боюнча толтурсаңыздар болот
Эскертүү:
— Өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарып берилбейт
— Зарыл болгон учурда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.